10.1 C
Бишкек
Суббота - 20 апреля,2024
Specreportage.kg
Главные новости

Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын жетекчилери камалды

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кенинен алтын өндүрүүчү фабрикасынан алтын рудасын уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар руданы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.Өткөн жылдын 27-декабрында Оттук айылында «Мерседес-Спринтер» автоунаасы кармалып, анда 1500 кг салмактагы 35 кап өлчөмүндө алтын камтыган руда табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

(BkA)

Похожие новости