Specreportage.kg

Бизге жаңы карантин керекпи? Коронавирус менен күрөшүү боюнча шаар тургундары кандай ойдо.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жетиштүүбү же бизге жаңы карантин керекпи?
2020-жылдын 21-июлуна карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 28 251 учуру катталган. Алардын ичинен 14 776 адам айыгып, 1079 адам көз жумган.

Күн сайын ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө. Айрым жарандар көп нерсе бийликтин иш-аракетинен көз каранды деп эсептешет. Башкалардын айтымында, биздин ден-соолугубуз биринчи кезекте өзүбүздөн жана ар бирибиздин иш-аракетибизден көз каранды. Коронавирус менен күрөшүү үчүн бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жетиштүүбү? Же өлкөгө жаңы карантин керекпи? Бул суроолорго Бишкек шаарынын жашоочулары жооп беришти.