15.1 C
Бишкек
Вторник - 16 апреля,2024
Specreportage.kg
В Кыргызстане

2010-жылдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды

2020-жылдын 20-июнь күнү Ош облустук ИИБдин милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылын тургуну 1985 ж.т. К.А.нын үйүнүн мал сарайынан  АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон 2(эки) даана кутуча (магазин) жана 5.45 мм калибрдеги  51(элүү бир) даана ок дарылары табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган.

Бул курал жарак боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында 2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда белгисиз жарандар тарабынан КРнын Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринен тартылып алынган курал жарактарды кайтарып алууга багытталган ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну «А» аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү ок дарыларды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну  1976 ж.т. Т.Ж. 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган  АК-74 үлгүсүндөгү  ок атуучу куралды 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

 Бул фактылар КРнын ЖКнин 253-бер. негизинде Кара-Суу РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алынган курал жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

 Ош ОИИБдин басма-сөз кызматы

Похожие новости