24.1 C
Бишкек
Среда - 24 апреля,2024
Specreportage.kg
Популярные новости

ИИМдин Ички иликтөө кызматы пара алуу фактысын аныктады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылыпган Ош облусунун Ноокат РИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу «спецрепортаж.кж» маалымат агенттигине ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 2-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө  иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ноокат РИИБдеги кызматтык бөлмөсүндө 50 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу, ал ошол эле учурда Ош облусунун Ноокат РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланууда

Похожие новости