34.8 C
Бишкек
Суббота - 01 августа,2026
Specreportage.kg
В Кыргызстане Главные новости Общество

Эл президентке импичмент жарыялагысы келип жатабы?

14-июлда журналист жана коомдук ишмер Раушан Айткулова Change.org веб-сайтында коронавирустун оор абалы үчүн Сооронбай Жээнбековго импичмент боюнча петиция уюштурган, ошол эле учурда прокуратурага президентти жана өкмөттү бийликтен четтетүүнү талап кылып, арыз жазган.
«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында оттун жалыны күчөп жаткан маалда, каалаган учурда ырайымсыз от кучагын жайып тарап кетиши мүмкүн. Эгер бул ишке ашса, кеч болуп калышы ыктымал. Өлкөбүздү кыйроого учуратпагыла! Бул өрттү дагы деле өчүрүүгө болот, бирок, бизди мекендештериңиздерди уккула! Сизге ИМПИЧМЕНТ жарыялайбыз, урматтуу Президент! Кетиңиз! » — деп сайтта жазылган.
Кечээ болсо сайтка бөгөт коюлуп, бул социалдык тармактарда байкалган. Колдонуучулар сайтты бөгөттөөгө мамлекет башчысынын командасы катышкан деп божомолдошууда.
Чындыгында азыркы президентке импичмент жарыялоо керекпи? Бул суроону Бишкек шаарынын тургундарына берүүнү чечтик.

 

Похожие новости