18.1 C
Бишкек
Суббота - 20 апреля,2024
Specreportage.kg
В Кыргызстане Главные новости Политика

Тынч митинг максатына жетпеди

Бүгүн 13-июлда саат 11 де  Ак үйдүн алдында тынч митинг өтмөк. Митингдин максаты жакынкы арада келе жаткан шайлоону жылдыруу жана өкмөт жөндөмсүздүгүн  моюнга алып, өз ыктыяры менен кетүүсүн талап кылышкан.

Көп өтпөй Биринчи май РИИБнин кызматкерлери митинг баштала электе, ар кандай тоскоолдук жаратышып, активисттерди бирден автоунаага салып кетип жатышты.

Реформа саясий партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын айтымында,“Мындай көрүнүш элдин кыжырын келтирип, жакынкы арада мындан да чоң нааразычылыктарды алып келет, бийлик митингдин уюштуруучуларына тынч митингди өткөзгөнгө шарт түзүп бериши керек эле, тилеке каршы  колдорун бурап  автобуска салып кетүү,  демократиялык мамлекетте жашап жатканыбыз күмөн бойдон калат”.

Похожие новости