Бишкек шаарынын аймагына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн брифингде мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, коомдук транспорттун, кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайлардын ишине чектөө киргизилет.
Коомдук транспорттор жана такси кызматтары ишенби жана жекшенби күндөрү иштебейт. Ал эми, иш күндөрү эрте мененки саат 07:00 — 10:00 жана кечки саат 17:00 -21:00 чейин кана жүрөт.
«Кафе жана ресторандар эртең мененки саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт. Супермаркет, соода борборлору эртең мененки саат 7.00дөн кечки 19.00гө чейин иштешсе, ал эми базарлар күн сайын саат 6.00дөн баштап кечки 17:00гө чейин иштейт», — дейт Азиз Суракматов.
Мындан тышкары, велосипедтерди ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттарды иштетүүгө тыюу салынды.
«Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК «Северэлектро» жана «Бишкекводоканалга» кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат», — дейт каала башчысы.
Ошондой эле Мэрия, парк, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

