Коопсуз шаардын камералары бүгүнкү күндө ыктыярчылардын капчыгына зыян келтирүүдө. Себеби эл кызматы үчүн капчыгындагы каражатты коопсуз шаардын камераларына которууга аргасыз болушууда. Активистердин айтымында айрым учурдарда мекендештердин кыйналуусун каалабай, аргасыздан эреже бузууга туура келет дешүүдө. Ошондой эле социалдык тармактарда активистерге келген “бакыт барагындагы” айыпты кечирип же өчүрүп коюу талабы байма-бай жарыялана баштады.

