Specreportage.kg
В Кыргызстане Политика

Марс Сариев: Кыргызстанда Кумтөр боюнча орчундуу фактылар бар

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстанда Кумтөр боюнча орчундуу фактылар жана далилдер бар экендигин айтты. Ал эми мыйзамдарды сактоо Батыш жана Европа үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

“Канадалык тарап эч нерсеге каршы тура албайт, анткени экология жаатында гана эмес, жетекчилик тарабынан дагы мыйзам бузуулар болуп жатат.”-дейт Сариев.

Ошондой эле жакында Centerra Gold Inc. «КГК» жана «Кумтор Оперейтинг компани» банкрот болгондугун кошумчалады.

“Бул банкротко кабылган ишканаларга кандайдыр бир санкцияларды же соттун чечимдерин киргизүү мүмкүн болбошу үчүн жасалды.

Канадалыктар арбитраждык соттон утулуп калышы мүмкүн экендигин түшүнгөндүгүн болжолодоого болот. Ошондуктан, туунду компаниялар банкротко учурашкан. Centerra Gold Inc компаниясынын башка туунду компаниялары иштеген.”, – деди Марс Сариев.

“Кыргыз тарап өз кезегинде арбитражга даярданып жаткандыгын түшүндүрдү жана улутташтырууну жүзөгө ашырууну пландаштырууда.

Бул компания менен түзүлгөн келишим Аскар Акаевдин негизги катасы болгон. Коррупциянын бардык компоненттери ошол жерден чыккан, андан кийинки президенттер дагы ушул схеманы улантышты. Бардыгы “Камекодон” башталды. Алар биздин чиновниктерди өтө акылдуулук менен бузушкан.

Кыргызстан үчүн оор келишимге байланыштуу күнөө жөнүндө айта турган болсок, бардык күнөө депутаттарга жана чиновниктерге кысым көрсөткөн мурдагы президенттерге таандык. Эми бул схемаларды ачуу үчүн аларды суракка чакырып жатышат. Маалыматтарды чогултуу арбитраждык сотко өткөрүлөт. Эгер мунун бардыгы сотто чыкса, анда Кыргызстан сөзсүз түрдө утуп чыгат жана Centerra Gold Inc. кадыр-баркына залал келтирилет. Ошондуктан, алар ушунчалык жигердүү чыгууга аракет кылып, эки башкы компанияны банкрот кылышкан. Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөнүн (Кыргызстан) жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Анын үстүнө,Centerra Gold Inc.” ден буга чейин Монголия да утуп алган.

Ошондой эле Өзбекстан британиялык алтын казуучу компанияга каршы ушундай эле ишти утуп алды, бирок сот процесстери дээрлик беш жылга созулган”, – деди Марс Сариев.

Похожие новости