16.1 C
Бишкек
Пятница - 26 апреля,2024
Specreportage.kg
Аналитика Общество Политика

Укмуштуудай алты. Кыргыз версиясы

Темир Сариев. Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана башкалар саясий альянстын түзүлгөндүгү тууралуу маалымдашты. Шайлоо алдында мындай альянстардын түзүлгөн көрүнүштөрү, кыргыз саясатында көп кездешет. Бирок, эреже катары, ушул сыяктуу альянстардын өмүрү кыска болуп, парламентке келгенден кийин ыдыроо процессине сөзсүз кабылышат. Келгиле, ал жерге кандай күчтөр чогулганын карап көрөлү.

Ошентип, Өмүрбек Текебаев, Ата-мекен партиясы. Бул уюм жана анын лидери Кыргызстандын азыркы тарыхындагы эң эски саясий күчтөрдүн бири. Алар үч режим менен күрөшө алган тажрыйба ээ. Анын популярдуулугунун эң жогорку чеги 2010-жылдагы революцияда катталган. 2010-жылдагы шайлоодо көпчүлүк эксперттер аны жана дагы эки революциянын партиялары менен биргеликте ошол шайлоонун фавориттери катары эсептешкен (КСДП жана Ак-шумкар). Анткен менен, тарых баарын башка нукка бурду. Ата-мекен партиясы 2010-жылдагы парламенттик жарышка акыркы болуп келди. Бирок, эң негизгиси, ошол кездеги ар кандай саясий жаңжалдар ачыкка чыкты. 2012-жылы Текебаев менен ошол учурдагы премьер-министр Бабановдун тирешүүсү, ачык асманда күн күркүрөп турган сыяктуу эле, Ата-мекен лидеринин талап-тоноолорго катышкандыгы тууралуу үрөй учурган  фактылар табылды. Ошол кезде Ата-мекен партиясы лидери менен биргеликте жоопкерчиликтен качууга үлгүрдү. Бирок, ага канткен менен баары бир мародерчу деген ысым сиңип калды. Бир нече жылдан кийин гана, партиянын мурунку депутаттарынын бирин жоопко тартууга мүмкүн болгон. Ошол кезде партия лидерине каршы дагы бир кылмыш иши боюнча процесс башталды. Россиялык ишкерден 1 миллион доллар алган факт боюнча кармалган. Азыркы тапта, бул сот иши дагы да уланып жатат. Бирок, буга карабастан партиянын лидери шайлоого даярдык көрүп жаткан учуру.

Ал эми ушул альянстын дагы бир башка лидери Темир Сариев жана анын «Ак-Шумкар» партиясын айта кетсек. Бул партия дагы 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин популярдуулукка ээ болуп, Жогорку Кеңештеги мандаттарды КСДП жана Ата-Мекен менен бөлүшө алган партиялардын бири катары эсептелинет. Анткени менен ал, парламенттин составына кире алган жок. Кийинчерээк Темир Сариев өкмөттүн министрлик кызматтарын аркалап, премьер – министрлике чейин жеткен. Сариев, премьер – министрликтен коррупциялык жанжалдан улам кеткен эле. Ошондой болсо да, ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, бирок утулуп калган.

Жанар Акаев КЛДПнын лидери. Ал өз мезгилинде президент Атамбаевтин басма сөз катчысы болуп иштеген. Көп өтпөстөн, мурунку президенттин партиясына депутат болуп шайланганга жетишти. Азыр ал КЛДП деген жаны партияны тузуп, жетектеп турат. Тузгон партиясы аркылуу шайлоого катышууга камданып жаткан чагы. Бирок, алар эмнегедир күтүлбөгөн жерден «Ата Мекен» партиясы менен биригүүго баш байлашты.

Социализм менен либерализм таптакыр эле бири-бирине карама-каршы идеология. Бул альянсты түзүү жөнүндө чечим кабыл алып жатканда, идеологиялык карама-каршылыктарга караганда, такыр эле башка факторлор эске алынгандай. Мисалга алсак, шайлоочулардын катышуусу. Ата-Мекен жана Ак-Шумкардын өз шайлоочулары бар, бирок алардын саны аз. Буга акыркы эки парламенттик шайлоо мисал боло алат. Ошого жараша аларга жаңы күчтөрдү тартуу абзел. Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев сыяктуу жаш саясатчылар алардын ою боюнча ошондой күчтөр болушу ыктымал. Тилек Токтогазиев өзүнүн “Жаңы дем” кыймылы менен айыл чарба министринин кызмат ордуна  талапкерлигин коюп кийин белгилүү болуп калган. Бул уюмда амбициялуу 2 лидер Текебаев жана Сариевдин кантип тил табыша ала тургандыгы боюнча суроо туулат. Ал эми Рыскелди Момбеков эң популярдуу депутаттардын бири. Демек ал дагы саясий упай алып келиши толук ыктымал. Ушунун баардыгын эске алып карап көрсөк,  булардын негизги максаты, айрыкча биринчи учоонун, жон эле парламентке өтүүсү. Бирок маселе башкада, жогоруда жазган чыр-чатактарды эске алсак, Тилек Токтогазиев жана анын командасы сыяктуу жаш жигиттер туура чечим чыгарыштыбы? Жаш саясатчылар үчүн эң негизгиси — алардын аброю жана ким менен саясатка бара турганы түздөн-түз ошол нерсеге байланыштуу. Азырынча алар кандай тандоо жасашкандыгын убакыт көрсөтөт.

Похожие новости